Ош — Баткен — Раззаков (эски багыттагы) унаа жолунун 209-чакырымы селден улам убактылуу жабылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, сел токтогон соң, жеринде №2 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлөт.
Азыркы тапта аталган тилкеге атайын техникалар тартылды.

