Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Газадагы гуманитардык кырдаалды талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынында сөз сүйлөдү.
Фидан өз сөзүндө “Израиль тынчтыкты каалабайт, Израил ырааттуулукту каалабайт”- деп айтты.
Израилдин Палестина элине каршы геноцидинин ушул учурда да үзгүлтүксүз уланып жатканын белгилеген Фидан, Газа тилкесинин 2 миллиондон ашуун жашоочусунун айтып бүткүс азаптарга, массалык жер которууга жана кеңири кыргынга учурап жатканын белгиледи.
Түркиянын тышкы иштер министри күн сайын гуманитардык жардамга атайылап тоскоол болуп жатканын, жарандардын тамак-аш жана суу алуу аракетинде жардам бөлүштүрүүчү жайларда ылгабай өлтүрүлүп жатканын эске салды.
