Воскресенье, 19 апреля

1-сентябрдан тарта тартипсиз айдоочуларга айып пул салынат

0

1-сентябрдан тартып чоң трассаларда жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып пул салынат. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

Анын пикиринде, Бишкек–Ысык-Көл, Бишкек–Ош жана Торугарт унаа жолдорунда айдоочулар эрежелерди сактабагандыктан, көп жол кырсыктары катталууда.

Ошондой эле министр унаа башкаргандарга кайрылып, ири жолдордо шашпай айдап бара жаткандар оң тилке менен, ылдам жүргөндөр сол тилке менен жүрүүсү керектигин билип алышын айтып өттү.

“Бишкек–Ысык-Көл, Бишкек–Ош жана Торугарт унаа жолдорунда жүрүп калам. Ошондо бир нерсени көп байкайм. Жолдо бара жаткандардын көпчүлүгүндө унаа башкаруу маданияты жок. Тилекке каршы, ошол себептерден улам көп кырсыктар болуп жатат. Мисалы, чет өлкөлөрдө трассаларда шашпай бара жаткандар оң тилке менен жүрүшөт, ылдам жүргөндөр сол тилке менен өтөт. Сол жак ар дайым бош болуп, ылдам жүрүүгө шарт түзүлөт. Бизде болсо тескерисинче. Көп айдоочулар сол тилкеге түшүп алып, жай айдап, башкаларга тоскоолдук жаратып, жол беришпейт. Жолду өзү куруп алгандай ортого дагы түшүп алгандар бар.

Натыйжада шашып бараткан айдоочулар аргасыз оң жактан ашып өтүүгө аракет кылып, кырсыкка кабылып жатышат. Жакында, 1-сентябрдан тартып, президенттин жарлыгынын негизинде — чоң трассаларда жол жүрүү маданиятын сактабаган айдоочуларга айып пул салынат. Жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер мындай айдоочуларды аныктап калса, айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынат жана алар кайрадан экзамен тапшырууга милдеттендирилет. Ошондуктан, урматтуу айдоочулар, эгер шашпай бара жатсаңыз — оң тилкеден айдаңыз. Сол тилке – ылдам жүргөндөр үчүн экенин биле жүрүңүз”, — деп белгиледи министр.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз