Воскресенье, 19 апреля

Израиль Газада 60 миңге жакын адамды өлтүрдү

0

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларынан каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 89 кишиге көбөйүп, 59 миң 676га жетти.

Палестинанын Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин уланып жаткан кол салууларынан каза болгон жана жаралангандарга байланыштуу акыркы сандарды берди.

Билдирүүдө Газадагы ооруканаларга акыркы 24 саатта 467 жаралуу менен бирге 89 сөөктүн жеткирилгени белгиленди.

Израил армиясы 19-январдагы ок атышпоо келишимин бузуу менен 18-марттан бери кол салууларда 8527 палестиналыкты өлтүрдү, 31924ү жараланды.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 59 миң 676га, жаралуулардын саны 143 миң 965ке жетти.

27-майдан бери Газада Израил жана АКШнын көзөмөлүндөгү жардам бөлүштүрүү пункттары деп аталган жерлерде палестиналыктарга системалуу кол салуулардын натыйжасында каза болгондордун саны 9 кишиге көбөйүп, 1092ге, жаралангандардын саны 7320га жетти.

Газа тилкесинде миңдеген курмандыктардын сөөгү дагы эле урандылардын астында.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз