Таиланд менен Камбоджанын ортосунда 28-майда башталган куралдуу кагылышуулар Убон-Ратчахани жана Сурин чек ара райондорунда бир кун мурда кайрадан улантылды. Бул тууралуу Таиланддын аскерий командачылыгы билдирди.
CNN телеканалы Таиланд армиясынын өкүлү Рич Суксуаннонго шилтеме берүү менен билдиргендей, салгылашуулар жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:30дар чамасында кайра башталган.
Анын айтымында, Камбоджа тарап жеңил жана оор куралдар менен аткылай баштады, ага Таиланддын армиясы артиллериялык аткылоо менен жооп кайтарды.
Таиланддын Ички иштер министрлиги коопсуздук үчүн 100 миңдей адам убактылуу баш калкалоочу жайларга эвакуацияланганын билдирди.
Камбоджанын Оддар Меанчей провинциясынын басма сөз катчысы Мат Меаспикдей кагылышуулар уланып жатканын маалымдады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, бир адам каза болуп, бешөө жарадар болгон. Дагы бир расмий өкүл аймактан карапайым тургундар эвакуацияланып жатканын ырастады.
