Суббота, 18 мая

Кѳз жаш тѳккѳн энелер, ымыркайды ѳлтүргѳн…..

0

Патриархалдык коомчулукта аялдарда эркек баланы тѳрѳгѳнүн талап кылат. Ал эми кыздар көп  учурда экинчи сорт болуп саналат. Кыз тѳрѳгѳн энелерди сабап, аталарын “шалаакы” деп шылдыңдашат.

90-жылдары, эненин түйүлдүгүндѳ жаткан баланын жыныстыгын эрте аныктоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошол учурдан баштап, коомдо бойдон алдыруу жолу абдан күч алды. Жыныстыгын аныктаган соң, энелер кыз болсо дароо бойдон алдырып жатты. Бул гендердик теңсиздикке алып келди.

БУУнун маалыматына ылайык, Түштүк, Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө, эркектер менен аялдардын санынын айырмасы — жок дегенде 170 млн. Кавказда гендердик жагдай олуттуу.

Азербайджанда 100 кызга 114 эркек бала Арменияда – 112, Грузияда – 109. Ошондой болсо да 100 кызга 106 эркек бала нормалдуу эсептелет. 

Азербайжандын салты боюнча, үйлѳнүү тойунда баланын агасы болочок келинге кызыл лентаны байлайт. Анын мааниси,турмушка чыкканга чейин кыздыгын сактады деегенди билдирет. Андан кийин «Жети уул бир кыздуу болгула», -деп кыйкырат. Эгер үй-бүлѳдѳ экинчи үчүнчүсү да кыз болсо Гызбясти, Кифаят мааниси кыздар жетишет дегенди түшүндүрѳт.

Арменияда кызды баланын үйүнѳ узатып жатканда белектерди берип, кызга кичинекей эрке баланы карматат. Жаңы барган үй-бүлѳгѳ эреке бала тѳрѳп бер деген мааниде. Кыздар тѳрѳлсѳ Бавакан деген ысым берет. Кыз жетишет!-маанисинде.

Кыргызстанда болсо, кээ бир аймактарда келин алганда кыздыгы сакталбаса ата-энесине алып барып уят кылат. Үй-бүлѳдѳ кыздар тѳрѳлѳ берсе келинди күнѳѳлѳп, басмырлайт. Кыздарга «Бурул» деген ысым берет. Кыз тѳрѳлбүй бурулуп эркек бала тѳрѳлсүн деген мааниде. 

«Мен да ѳлтүрдүм»

Качан 30 жаштагы Азербайжандык Амина Алиева боюндагы үчүнчү жолу кыз экенин билгенде,анын үй-бүлѳсү баладан баш тартууну талап кылган.

«Биз кайненем,жолдошум болуп, баланын жыныстыгын билүүгѳ бардык. Качан доктур боюмдагы кыз деп айтканда алар үчүн акыр заман келгендей болду. Алар мага аборт жасоомду талап кылды», -деп айтып берди ал.

Аминаны анын дарыгери дагы аборт жасоону сунуштаган. Аялынын макулдугун ала албаган жолдошу аны ажырашып,эки кызды ѳзүм багам деп коркуткан.Айласы жок Амина макул болот. Ошондой болсо да, 15-жумада аборт жасаганы мыйзамсыз экенин ал баса белгилейт. Азербайжанда12-жумада мыйзам боюнча аборт уруксаат.

«Мен алсыз болгон баламдын колун бутун кескилеп туруп, ѳлтүрдүм», -дейт Амина.

«Күйѳѳсү ичке тепкилесе да аман калган кыздар»

Азербайжандык Эльназ Джамадованын эки кызы бар. Бирок аларды тѳрѳ оңойго турган жок дейт ал. Үй-бүлѳсү Эльназдын боюнда кыз экенин билгенде аборт жасоону талап кылган. Эльназдын каршылыгына күйѳѳсү нааразы болуп аны тепкилеп сабаган. Боюнан түшүп калсын десе да, кыздар ден-соолугу соо тѳрѳлгѳн.

Мындай кѳрүнүш башка ѳлкѳлѳрдѳ да бар.Кыргызстандык Акмѳѳрдүн күйѳѳсү УЗИнин жыйынтыгынан кыз экенин билип.аялын үйдѳн кууп чыккан. Ошол күндү Акмѳѳр эстегим келбейт дейт. Кийин УЗИнин жыйынтыгы туура эмес чыгып, ал эркек бала тѳрѳйт. Жолдошу билип, кайра чогуу жашоого суранат. Акмѳѳр анын сунушуна макул болбойт. Кыз бала дагы адам инсан,эркек балдар гана эмес. Ѳзүм тарбиялайм дейт. Азыр анын балдары бойго жетип чоңойду. Балдарыма гендердик теңсиздикти билгизбей тарбиялаганын кѳз жаш менен баяндайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз