Түштүк африкалык сүзүүчү Кэмерон Беллами Иссык-Көлдү туурасынан 53 чакырым сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койду. Бостериден чыккан спортчу 18 саатта Каджы-Сай айылына жеткен. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов билдирди.
Эрденет Касымовдун айтымында, Кэмерон Беллами Гиннестин рекорддор китебине бир нече жолу кирген жана ачык сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк рекордсмендердин бири. Анын уникалдуулугу – көл үстүнөн бир да токтобой, тыным албай сүзүп өткөндүгү болуп саналат.
