Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Жогорку Кеңештин азыркы, VI чакырылышынын депутаттары билими жагынан да, интеллектуалдык деңгээли боюнча да өтө төмөн экендиги башында эле айтылган болчу. Ал эми “Алма сабагынан алыс түшпөйт” демекчи, ушул парламент шайлап, эски бийликтен куралган өкмөткө деле ушундай баа берилип, “техникалык” өкмөт түзүлүп калды дешкен.
Бирок “бакылдаган текени, суу кечкенде көрөбүз”,- дегендей, акчанын күчү менен шайланган жарым-криминал, базарком, бизнесмен “элиталар” сессияда мыйзам жазуунун, мамлекеттин ички-тышкы маселелерин чечүүнүн ордуна өздөрүнүн партиялаштары менен тууган-уругун, жек-жаатын майлуу-сүттүү кызматтарга ишке коюу менен гана алектенип, аларды илгери үмүт менен шайлаган карапайым калктын көйгөйү унутта калганда элдин үмүтү ого бетер үзүлгөн.
Бир чети экономикасы итке минген Кыргызстандын бюджетинен жыл сайын бир эле парламент үчүн 800 млн. сомдун тегерегинде каражат жумшалышы ойлоно турган жагдай жана коомчулук арасында сессияга жарымы да катышпай, сабактан качкан окуучудай аш-тойдо, чет өлкөлөрдө жүргөн депутаттардын жоругу, алардын жеке жүрүм-туруму менен көпкөн жардамчылары менен кеңешчилеринин жоруктары “Парламент тараш керек!” деген сөздү ого бетер күчөтүүдө.
Айрыкча акыркы күндөрү Ысык-Көлдөгү уран кенинин иштетиле башташы, Баткен районунун Ак-Сай айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы адам өлүмүнө чейин жеткен чыр-чатактар чыкканда өкмөт өзүнүн жөндөмсүздүгүн көрсөтсө, парламент депутаттары да бул окуялар болгон жерлерге басып барып коюшкан жок. Ошол эле учурда 1-майда депутаттар, 1-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болуп Кара-Суу районундагы бир тууган Матраимовдордун Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагер атасынын байгесине уюштурулган спорттук иш чарага “дүңүнөн” катышуусу коомдогу “элита” менен элдин ортосундагы ажырымды кашкайта далилдөөдө.
Бир чети элдин болор болбос, айдоочулардын кээде болор-болбос күнөөсү үчүн чоң суммада айып салган “Коопсуз шаар” долборру ишке ашканда өкмөт менен парламент элдин көңүлүнө көк таштай эле тийип калды. Ооба, айрым адам өмүрү кыйылган орду толгус жоготууларды эске алганда аткаруу бийлигинин бул кадамы туура эле. Бирок коопсуздук курун тагынбай койгондугу же “стоп линияны” басып койгондугу үчүн мурдагыдан он эсе көп айып салынып жатышы жону жука элди ого бетер сызга отургузуп, кыжырын келтирүүдө. Баарынан да түкүрүк үчүн беш миң сомдон айып салабыз деп, өкмөт өзү “түкүрүк” аталса, экс-президент парламент депутаттарына “чимкирик” деген ат койду.
Быйыл күзүндө Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган кыргыз өкмөтү отставкага кетери белгилүү болууда. Ал тургай анын ордун баса турган жаңы премьер-министрдин да ким болору айтыла баштады. Бул тууралуу Vesti.kg маалымат агенттиги Өкмөт Аппаратындагы жеке булактарына таянып билдирди.
Азыр элдин көпчүлүгү мээ кайнаткан жай саратанда эс алып, жазгы талаа иштери менен алек болуп жатканда жана анча-мынча саясый гурмандар Алмазбек Атамбаевдин Москвага барып, Владимир Путин менен жолугушуп келгендигин талкуулап, алагды болуп жатышканда, Ак үйдөгүлөр “күжүрмөндүүлүк” менен иштеп, болочок министрлер кабинетин кимдер түзөрүн аныкташууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, премьер-министрлик кызматты ЖК депутаты Канат Исаев ээлей тургандыгы бышып, ал тургай чечилип калыптыр. Ал эми азыркы өкмөт башчы мындай чечимге макул болгондугу жана кийин Эсеп палатасынын төрагасы болору айтылууда.
Өкмөттүн отставкасы тууралуу маселе мурда эле талкууланып, чечилген.
— Ал тургай быйыл апрелде эле министрлер кабинетин «бажа-гейттен» улам отставкага кетирүүнү чечишкен. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков макул болбой, күзгө калтыруу макулдашылган.
Эгер Ак үй, президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү отставкага кетирбесе, анда күзүндө күч топтогон оппозиция экономикалык жана саясый көйгөйлөрдү бетке кармап, өзүн отставкага кетирүү маселесин көтөрүп чыгышы мүмкүн.
Бирок өкмөттүн арты менен парламент да өзүн өзү таратууга барып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыяланбаса, анда коомдо толук тазалануу болбой, эл да канааттанбай калат…
А. Белеков.