Четверг, 30 апреля

Кыргыздын уз жана усталары Кокондогу көргөзмөгө катышууда

0

Кыргызстандын делегациясы азыркы тапта Кокон шаарында өтүп жаткан III эл аралык кол өнөрчүлүк фестивалына жана Риштан районундагы II эл аралык керамика форумуна катышууда, – деп маалымдайт өз кабарчыбыз жайынан.

Делегация курамына Бегайым Зарипова, Нурзат Курманбек уулу, Бурулай Бекмирзаева, Муфтиддин Букардинов, Залкар Аскарали, Суюнали Момунбаев, Нагима Аламанова, Асел Калканова, Гүлкайыр Шакирова, Нурланбек Чороев, Акмат Ишембаев жана Наталья Никифорова кирди.

Иш-чара алкагында уюштурулган көргөзмөгө кыргыздын улуттук буюм-тайымдары, ээр-токумдары, кийим-кечелери, зер буюмдары жана ар кыл белек-бечкектер коюлду.

Ардагер уста Сүйүнали Момунбаевдин айтымында, кыргыз павильону чет өлкөлүк коноктордо жана жергиликтүү элде чоң кызыгуу жаратты.

«Мен Сүймөнкул Чокморов атындагы кол өнөрчүлүк окуу жайын 1984-жылы аяктаганмын. 55 жылдан бери бул өнөр менен алектенип келем. Атам да, чоң атам да уста болушкан. Бул жолу күмүш капталган ээр-токум, кемер-курлар, аялдарды билерик-шакектери жана чеканка ыкмасында жасалган картиналарды алып келдим. “Ташта калган тарых”, “Алманбеттин аяны”, “Бакайдын осуяты” аттуу чыгармалар аркылуу кыргыздын тарыхы чагылдырылды. Бул фестиваль кыргыз кол өнөрчүлүгүн дүйнөгө таанытууда чоң мүмкүнчүлүк болуп жатат», – деди ал.

Белгилей кетсек, фестивалга дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн 278 өкүл катышууда. Иш-чараны Эл аралык басма сөз борбору аркылуу 50дөн ашуун журналист чагылдырууда. Алардын арасында Кыргызстандын “Кабар” жана “Альянс пресс” агенттиктери да бар.

Иш-чара 21-сентябрга чейин уланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз