Четверг, 30 апреля

Израилдин Коргоо министри хуситтердин лидерин өлтүрөм деп коркутту

0

Израилдин Коргоо министри Исраэль Кац жума күнү Йемендин хусит лидери Абдул Малик аль-Хутини өлтүрөм деп коркутуп, Израилдин желегин Санада желбирете турганын айтты.

АКШнын социалдык медиа платформасы X аркылуу жасаган билдирүүсүндө Кац 28-августта Санадагы кол салууда Хусит өкмөтүнүн премьер-министри Ахмед Галиб ал-Рахавинин жана бир нече министрдин өлтүрүлүшүнө шилтеме кылып: “Абдул Малик аль-Хути, сенин кезегиң келди. Биз сени тозокко өкмөтүң менен жолугушууга жөнөтөбүз,” — деп айтты.

Катц ошондой эле «Хуситтердин желеги Израилдин ак-көк желеги менен алмаштырылат»,-деди.

28-августта Израиль Йемендин баш калаасы Санага аба соккусунда 12 жогорку даражалуу хусит чиновнигин, анын ичинде премьер-министр Рахави жана бир нече министрди өлтүргөн.

Хуситтер Израилге каршы ракеталар жана дрондор менен чабуул жасап, Израилге таандык же ал жакка бара жаткан кемелерди бутага алган. Бул чабуулдар Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газага карата жүргүзүп жаткан геноциддик согушуна жооп катары жасалганын билдиришкен.

Израилдин кол салуулары 65,100дөн ашуун палестиналыктын, көбү аялдар менен балдардын өмүрүн алды. Ошондой эле, жүз миңдеген адамдарды жер которууга мажбурлады жана ачарчылыкка алып келип, анын кесепетинен 147 бала да арасында болгон 435тен ашуун палестиналык каза тапты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз