Акыркы 20 жылдын аралыгында эки өлкөнүн ортосундагы ишеним кризиси өтө тереңдеп, өнөкөт мүнөзгө айланып кетти.
Түрк-америка мамилелери азыркы учурда өз өнүгүүсүндө өтө кыйын кырдаалды баштан өткөрүүдө.
Түркия менен Американын өз ара мамилелери акыркы 20 жылдын ичинде кризистик абалга капталып, өнөкөт абалга туш болууда. Анкара менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуу сезилерлик жогорку чекке жетти десек болот.
Бул бир гана Түркия менен АКШнын эмес, бүтүндөй эле НАТО блогуна мүчө өлкөлөрдүн, болгондо да андагы эң кубаттуу мамлекеттердин ич ара тарыхтагы өтө ири пикир келишпестиги болуп саналат. Андыктан түрк-америка чыңалуусу ушунчалык жогорку деңгээлге жеткендиктен, Түндүк атлантика чыңалуусунун бүтүндөй системасына таасир бере тургандыгы ачыкка чыгууда.
АКШ менен Түркиянын ортосундагы тирешүүнүн кезектеги себеби С-400 зениттик-ракеталык комплексин (ЗРК) Түркия Россиядан сатып алышы болууда.
Бирок түрк-америка мамилелериндеги кризисти бир гана орус-түрк коргонуу келишими менен байланыштыргандар терең жаңылышат.
Ал эми Вашингтон Түркияга каршы кабыл алууну көздөп жаткан “Американын душмандарына каршы санкция аркылуу чара көрүү тууралуу мыйзам” (CAATSA) АКШда ички саясый ызы-чууга чейин айланып кетти.
Аскердик интервенцияларга жоопкерсиз мамиле жасоо, узак мөөнөттөгү келечекти көздөгөн жана пландаштырган стратегиянын жоктугу АКШнын ичиндеги саясый атаандаштардын кайым айтышуусуна алып келип, бир катар өлкөлөргө санкция жарыялоого мажбур кылды. Мунун баары айланып келип Вашингтондун өзүн тышкы саясатта дүйнөлүк коомчулуктан обочолонууга жакындатат.
Бир караганда бул жагдай АКШнын санкциясы бир гана Түркиянын экономикасына зыян келтире тургандай сезилиши мүмкүн. Тилекке каршы иш жүзүндө анын натыйжасы Вашингтон көздөгөндөй боло бербейт. Андыктан иш жүзүндө мындай чектөөлөрдүн натыйжасын алдын ала айтуу кыйын жана кайсы тарап көбүрөөк зыян тартары көбүрөөк жоготууга учурай тургандыгы табышмак.
Жакында Япониянын Осака шаарында болгон Түркия менен АКШнын президенттери Режеп Тайип Эрдоган менен Дональд Трамптын жолугушуусу “Чоң жыйырмалыктын” саммитинин талаасындагы жолугушуусу эки тараптуу жолугушуудагы макулдашуулары Түркия менен АКШнын ортосундагы чыңалууну басаңдатууга алып келиши мүмкүн. Эгер күткөндөгүдөй натыйжа чыкпаса же эки өлкө “экономикалык согуш” ыкмасынан башка тартпаса, анда чындап экономикалык татаал мезгил башталышы мүмкүн.
Себеби тирешүүнүн жаңы этабы эки мамлекетке тең чоң жоготууларды алып келет.
Вашингтондогу саясый, экономикалык жана коомдук иликтөөлөр фондунун изилдөөчүсү (SETA DC) Кылыч Бугра Канаттын пикиринде эгер америкалык администрация Анкара менен кризисти тереңдетүүнү көздөсө, анда бул АКШнын аймактагы кызыкчылыктары боюнча кандай сокку болорунун масштабын толук түшүнбөй жаткандыгын айгинелемекчи.
Демек, АКШ көнгөн ыкмасына салып, Түркияга санкция салуу менен бүтүндөй Жакынкы Чыгыш жана Азия аймагындагы экономикалык жана саясый үстөмдүгүнөн ажырап, позициясы солгундай баштамакчы. Анткени региондогу экономикалык көрсөткүчү боюнча алдыңкы эки мамлекеттин бири болуп саналган жана Азия, Европа жана Африка материктеринин чок ортосунда жайгашып, деңиз жана аба жолдорунун транзитине айланган Түркиянын да атаандаштарга тоскоолдук жарата турган каражаттары толтура.