Понедельник, 20 апреля

Астанада Касым-Жомарт Токаев менен Италиянын президенти жолугушту

0

Касым-Жомарт Токаев Астанага расмий сапар менен келген Италиянын президенти Сержио Маттарелланы Акордодо салтанаттуу тосуп алды.

Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, Сержио Маттарелланын Казакстанга сапары өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого күчтүү түрткү берет. Анын айтымында, бул сапар Казакстан менен Италиянын ортосундагы достуктун жана көп жылдык өнөктөштүгүнүн өзгөчө байланыштарын ырастайт.

«Урматтуу президент, сизди бул жерде биздин конок катары көргөнүмө абдан кубанычтамын. Бул сиздин Казакстанга биринчи расмий сапарыңыз жана бул абдан маанилүү, анткени бул биздин мамилелерибизде жаңы баракты ачары шексиз. Казакстан менен Италия тыгыз кызматташат жана биз сиздин өлкөгө жылуу сезимдерди билдиребиз», — деди Токаев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз