Түркия менен Болгариянын атайын күчтөрү биргелешкен машыгуу өткөрүштү.
Бул тууралуу Түркиянын Улуттук Коргоо министрлигинин социалдык баракчасында жарыяланды.
Маалыматка караганда, эки өлкөнүн атайын күчтөрү үңкүрлөр менен туннелдерде операцияларды, шаардагы салгылашууларды, жакынкы согуштарды, медициналык жардамдарды жана атайын чалгындоо операцияларын өткөрүштү.
