Вторник, 26 мая

УКМК тарткан «Улуттук коопсуздук» тасмасынын жабык көрсөтүүсү болду

0

Кечээ, 14-октябрда Бишкек шаарында УКМК тарабынан тартылган «Улуттук коопсуздук» аттуу тасманын жабык көрсөтүүсү болуп өттү.

Фильмде Кыргызстандын акыркы 30 жылдагы тарыхы баяндалат. Тасманын узактыгы болжол менен эки жарым саатты түзөт.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрага орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, санариптик өнүгүү жана инновациялар министри Азамат Жамангулов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Тасманын сценарийинин автору жана режиссёру — Медербек Жалилов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз