Израиль тынчтык келишимин бузуп, Рафах өткөөлүн ачуудан баш тартты

0

Израиль бийлиги Шарм-эл-Шейхте Хамас менен жетишилген ок атышпоо келишимин бузуп, Газа-Египет чек арасындагы Рафах өткөөлүн ачуудан баш тартты. Times of Israel гезитинин жазганына караганда, Рафах өткөөлү шаршемби күнү, 15-октябрда ачылмак.

Израиль бийлиги өтмөктү ачуудан баш тартуунун себебин Хамастын колунда кармаган каза болгон израилдик туткундардын сөөгүн өткөрүп берүүнүн кечеңдеши менен түшүндүрүштү.

Маалым болгондой, сөөктөрдү табууга мүмкүн болбогондуктан, өткөрүп берүү кечеңдеп жатат. Буга жооп иретинде Израиль Рафах өткөөлүн ачпоону чечти жана муну менен Хамаска каршы “санкцияларды” киргизди. Ошондой эле бул “санкциялардын” алкагында Израиль Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүүнү чектей турганы белгиленген.

Буга чейин Хамас туткундарды алмашуунун алкагында төрт израилдик туткундун сөөгүн Эл аралык Кызыл Крест комитетине өткөрүп берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз