Казакстан менен Азербайжан чыныгы стратегиялык жана союздаштык өнөктөштүктү түзүштү. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев Казакстанга мамлекеттик сапарынын алдында «Казинформ» агенттигине берген маегинде билдирди.
«Азербайжан менен Казакстандын ортосундагы саясий мамилелер бүгүнкү күндө жогорку күч жана өз ара ишеним менен айырмаланып турат. Акыркы он жылдыкта тарыхый боордоштуктун, достуктун жана өз ара колдоонун негизинде, жалпы түрк тектүүлүгүнүн бекем пайдубалына, окшош маданий каада-салттарга жана элдерибиздин ортосундагы руханий баалуулуктарга таянып, биз чындап өнөктөштүктү курдук», — деди ал.
Президенттин айтымында, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого көмөктөшүүчү маанилүү фактор болуп жогорку деңгээлде жүргүзүлүп жаткан жана бардык деңгээлдеги мамлекеттер аралык байланыштарды ар тараптуу тереңдетүүгө түрткү берген активдүү жана конструктивдүү диалог саналат.
«Өткөн жылдары биз бекем мыйзамдык базаны — болжол менен 170 документти — иштеп чыктык жана саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда жемиштүү кызматташуунун механизмдерин түздүк», — деп белгиледи ал.
Алиев белгилегендей, Азербайжан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын спектри абдан кеңири.
Азербайжан лидеринин айтымында, Азербайжан менен Казакстандын инвестициялык кызматташтыгы да чыңдалууда: Казакстандын экономикасына азербайжандык инвестициянын көлөмү 225 миллион долларга жетти, ал эми Казакстандын Азербайжандагы инвестициясы 136 миллион долларды түздү.
