Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Республикалык Түрк партиясынын (РТП) лидери Туфан Эрхүрман жеңип чыкты.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Бертан Өзердаг алдын ала расмий эмес жыйынтыктарга таянып билдирди.
Эрхурман 62,76% добуш алды.
Көз карандысыз талапкер жана азыркы президент Эрсин Татар 35,81% алды.
Шайлоого шайлоочулардын катышуусу 64,87% түздү.
Түндүк Кипр Түрк Республикасында добуш берүү эртең мененки саат 8:00дө башталып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө аяктады.
Эрхурман шайлангандан кийин Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы саясатынын Анкара менен кеңешүү аркылуу түзүлө турганын билдирди.
Туфан Эрхүрман Лефкошада төрөлгөн. 1992-жылы Анкара университетинин юридикалык факультетин бүтүрүп, ошол эле университеттин административдик укук бөлүмүндө илимий кызматкер болуп иштеген.
Ал Түндүк Кипр 2018-жылы түзүлгөн коалициялык өкмөттө премьер-министрлик кызматты аркалаган.
Ал англис тилин жакшы билет, үй-бүлөлүү, бир баласы бар.
