Пятница, 12 июня

БА менен Кытайдын Түбөлүк ынак коңшулук келишими күчүнө кирди

0

Президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам 2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган Казакстан, Кыргызстан, Тажикистан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз