НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте «чечкиндүү кысым» аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путинди ок атышууну токтотууга жана сүйлөшүүлөрдү баштоого көндүрүүгө болоорун билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө жолугушуудан кийин Рютте сүйлөшүүлөр «абдан жемиштүү» болгонун белгиледи. Ал эки тарап НАТОнун Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотууга кантип жардам бере аларын, ошондой эле Путинди ок атышууну токтотууну кабыл алууга көндүрүү кадамдарын талкуулаганын айтты.
Рютте согушту токтотуу үчүн Трамп менен биргелешип иштөөгө даяр экенин баса белгиледи: «Мен дайыма жана чечкиндүү кысым менен биз Путинди сүйлөшүү столуна отургузуп, жөнгө салуу процессин баштоого мажбурлай алабыз деп ишенем».
Ал ошондой эле Трамп менен Путиндин ортосундагы байланыштар чечүүчү ролду ойной аларын белгиледи: «Трамп — Путинди сүйлөшүү столуна алып келип, аны позициясын өзгөртүүгө мажбурлай ала турган жалгыз лидер. Биз ага бул үчүн мүмкүнчүлүк беришибиз керек».
НАТОнун башкы катчысы АКШ Украинага коопсуздук кепилдиктерин берүү менен кайрадан активдүү алектенип жатканын белгиледи. Анын айтымында, Вашингтон Канада, Япония, Австралия жана европалык өнөктөштөрү менен алардын тиешелүү милдеттенмелерине ылайык тыгыз кызматташып жатат.
Рютте менен болгон жолугушуусунда Трамп Орусия менен Украинанын азырынча макулдашууга жетише электигине «терең өкүнгөнүн» билдирип, Москвага каршы экономикалык санкцияларды күчөтүү мүмкүнчүлүгүн кыйытты. АКШнын президенти ошондой эле «Роснефть» жана «Лукойлду» санкциялар тизмесине кошуу боюнча жакында кабыл алынган чечимге комментарий берди: «Мен убакыт келди деп ойлодум. Биз көптөн бери күтүп жатканбыз. Булар абдан катаал санкциялар», — деди ал.
