АКШнын жогорку даражалуу өкүлү Нетаньяхуга эгерде Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишимин бузууга жол берсе, АКШ президенти Дональд Трамптын катуу чара көрөрүн эскертти. Бул тууралуу Израилдин Channel 12 телеканалы кабарлады.
Еврей тилиндеги Channel 12 телеканалына маалымат берген Axios агенттигинин кабарчысы АКШнын өкүлү Нетаньяхуну Трамптын алдында «абдан ичке жиптин үстүндө басып баратканы» темасында эскерткенин айтты. Расмий өкүл “Эгерде бул уланса ал келишимди бузат, ал эми келишим бузулса Дональд Трамп аны жазалайт» деди.
Бул билдирүүлөр Израилдин парламенти Кнессеттин оккупацияланган Батыш Жээктин айрым бөлүктөрүн аннекциялоого байланыштуу мыйзамдарды илгерилетүү аракеттеринен улам Вашингтон менен Тель-Авивдин ортосунда чыңалуу күчөгөн учурга туш келди.
Маалыматка ылайык, АКШнын вице-президенти Ж.Д. Вэнс бейшемби күнү Израилге болгон дипломатиялык сапарын аяктагандан кийин Кнессеттин мурунку күнү аннекцияга байланыштуу эки мыйзам долбоорун алдын ала бекиткенин уккканда таң калды.
Тель-Авивдеги Бен-Гурион аэропортунда журналисттерге маалымат берген Вэнс бул добуш берүүнү сынга алып: «Эгерде бул саясий оюн болсо, анда бул өтө акылсыз кадам. Мен муну жеке өзүм да туура эмес деп эсептейм» деди.
