Пятница, 12 июня

Орус учактарынын Литванын аба мейкиндигине кирүүсү Германияга жакпады

0

Германиянын канцлери Фридрих Мерц орусиялык Су-30 жана Ил-78 учактарынын «Литванын аба мейкиндигин бузушун» дагы бир «Орусиянын провокациясы» деп атады.

«Бул аба мейкиндигин олуттуу бузуу. Бул кокусунан болгон жок жана бүгүн да кокустук эмес. Бул Орусиянын бүтүндөй Европа Биримдигине каршы дагы бир провокациясы», — деди Мерц Брюсселде өткөн Европа Биримдигинин (ЕБ) саммитинен кийинки басма сөз жыйынында.

Германиянын канцлери окуянын деталдуу анализин сунуштап, аны коргоо министри Борис Писториус менен талкуулайт. «Мен НАТО Кеңеши да бул маселени карайт деп ойлойм», — деп кошумчалады ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз