АКШнын Кариб деңизиндеги аскердик аракеттери Венесуэланын жаратылыш ресурстарынан улам болууда. Бул тууралуу Венесуэланын президенти Николас Мадуро Каракастагы Мирафлорес сарайында өткөн Улуу Кариб деңизинин тынчтык боюнча парламенттик жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
«Бизди бутага алып жатышат, анткени бизде дүйнөдөгү эң ири мунай запастары бар. Эгер Венесуэлада 30 миллион гектар түшүмдүү жер болбогондо, стратегиялык абалды ээлебегенде жана дүйнөдөгү эң ири мунай запастары жана төртүнчү ири жаратылыш газынын запастары болбогондо, биз жөнүндө сөз да айтылбай калышы мүмкүн эле», — деди Мадуро.
Венесуэланын президенти ошондой эле АКШны эл аралык маалымат каражаттарын манипуляциялап жатат деп айыптады.
«Алар Венесуэлага каршы согушту мыйзамдаштырган баяндоону таңуулагысы келет. Бул режимди өзгөртүү жана биздин эбегейсиз жаратылыш ресурстарыбызды талап-тоноо планынын бир бөлүгү. «Чындыгында, Венесуэла күнөөсүз. Бизге каршы жасалгандардын баары согушка жана режимди өзгөртүүгө багытталган. Бай тарыхы бар эл катары биз өзүбүздүн ар-намысыбызга бир тамчы да доо кетирбейбиз. АКШнын Венесуэлага каршы риторикасы жалаа жабууга толгон», — деди ал.
Мадуро венесуэлалыктар тынчтыкта жашагысы келерин, көйгөйлөрүн көз карандысыздык жана эгемендүүлүк рухунда чечкиси келерин баса белгиледи.
