Воскресенье, 9 ноября

Эскертүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт

0
Кыргызгидромет 9-ноябрга чейинки республика боюнча күтүлүп жаткан аба ырайынын божомолун жарыялады.
Синоптиктердин айтымында, 4-5-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Өрөөндөрдө мезгил-мезгили менен жаан жаап, ал карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир аймактарда 15-20 метрге жетери айтылды. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз