Воскресенье, 9 ноября

Чүйдө 63 жаштагы киши аялын атып өлтүрүүгө шектелүүдө

0
Мосвка районунун Бала-Айылчы айылында 63 жаштагы Э.С. аттуу киши аялын атып өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя боюнча Москва райондук милициясына 1-ноябрда билдирүү келип түшкөн. Тергөө тобу кылмыш болгон жерге барып, үй-бүлөлүк жаңжал чыгып, киши мас абалында 49 жаштагы аялын курал менен атып, ал каза болуп калганын билген.
Факт боюнча РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милициядан тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө уланып жатканын белгилешти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз