Воскресенье, 9 ноября

47-Стамбул марафонун кениялык Ронзас Локитам Килимо жеңди

0

Spor Istanbul тарабынан уюштурулган жана Türkiye İş Bankası тарабынан демөөрчүлүк кылынган 47-Стамбул марафону жыйынтыкталды. Бул тууралуу Анадолу агенттиги билдирет.

Маалыматка караганда, жарышка «15 Temmuz Şehitler Köprüsü» көпүрөсүнөн старт берилген.

Султанахмет аянтында аяктаган 42,195 чакырымга созулган жарышта кениялык Ронзас Локитам Килимо 2 саат 10 мүнөт 12 секундда марага келип, биринчи орунду ээледи.

Өткөн жылдын чемпиону кениялык Дежене Дебела 2 саат 10 мүнөт 23 секунддук убакыт менен экинчи орунду ээледи.

Үчүнчү орунду эфиопиялык Суфаро Волийи 2 саат 10 мүнөт 26 секунддук көрсөткүч менен алды.

Эки түрк спортчусу алдыңкы ондукка кирди.

Өткөн жылы алтынчы орунду ээлеген Хюсейин Жан бул жолу 2 саат 10 мүнөт 58 секунддук көрсөткүч менен бешинчи орунга жайгашты.

Дагы бир түрк спортчусу Халил Яшын 2 саат 19 мүнөт 50 секунддук көрсөткүч менен тогузунчу болуп келди.

Стамбул марафону шаардын бай мурасын чагылдырган көптөгөн тарыхый эстеликтер аркылуу өтөт.

Медалдарды жеңип алган спортчуларга атайын сыйлыктар тапшырылды. Эркектер арасындагы жеңүүчү Ронзас Локитам Килимо жана аялдар арасындагы жеңүүчү Бизуагер Адерра ар бири 50 миң доллардан берилди.

Эркектер жана аялдар арасындагы мелдештерде күмүш медалдын ээлери 20 миң доллардан, ал эми коло медалдын ээлери 10 миң доллардан алышты.

Марафондун бардык категориялары боюнча жалпы байге фонду 9,5 млн лираны түздү. Жарышка катышуу үчүн 126 өлкөдөн жалпысынан 41 416 адам катталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз