Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 54 эл аралык байкоочу катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү өкүлдөр аккредитацияланды:
— Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
— Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин;
— Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
— Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
— Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
— Мальдивдин Шайлоо комиссиясынын;
— Босния жана Герцеговинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
— Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын,
— Астана шаарындагы Венесуэла Боливариана Республикасынын элчилигинин;
— Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин;
— Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн;
— КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын;
— Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын;
— Россиянын Коомдук палатасынын.
Белгилей кетсек, 2-ноябрга карата жалпы 127 эл аралык байкоочу каттоодон өттү.
