6-ноябрда түштөн кийин президент Дональд Трамп Ак үйдө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери менен жеке жолугушуу өткөрөт, деп билдирет «Казинформ» агенттиги.
«С5+1» жолугушуусунун катышуучулары АКШ менен Борбор Азия аймагынын ортосундагы кызматташтыктын келечеги боюнча бир катар билдирүүлөрдү жасай турганы күтүлүүдө. Ошондой эле тараптар бир катар маселелерди карашат.
Агенттиктин маалыматына караганда, Борбор Азия өлкөлөрүнүн делегацияларынын алдын ала топтору Вашингтонго келип, алар америкалык тарап менен бирге жолугушууга даярданууда.
Белгилей кетчү нерсе, «C5+1дин онунчу жылдыгы» бизнес-конференциясы ошол эле күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:30да Вашингтондогу Жон Кеннеди атындагы аткаруу искусство борборунун бир бөлүгү болгон The Reach Кеннеди борборунда өтөт, бул жай Америкадагы эң ири концерттик жана опералык жайлардын бири болуп саналат.
Бизнес-конференциянын алкагында бир катар сессиялар каралган, алдын ала маалыматка ылайык, сессиялар АКШ менен Борбор Азиянын ортосундагы экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты бекемдөөгө арналат. Атап айтканда:
- транспорттук маршруттар жана жеткирүү чынжырлары;
- энергетика жана маанилүү пайдалуу кендер;
- санариптештирүү жана жасалма интеллект;
- бизнестин ортосундагы өз ара аракеттенүү.
Ошондой эле «С5+1» өлкөлөрүнүн маданий көрсөтүүлөрү жана улуттук стенддери пландаштырылууда.
The Reach – бул Вашингтондогу эң чоң жашыл чатырда жайгашкан павильондордун, репетиция жана музыкалык залдардын, лекциялык жайлардын жана көп функциялуу жолугушуу бөлмөлөрүнүн комплекси. Комплекстин архитектурасы жаратылыш чөйрөсүнө шайкеш келип, шаардын тарыхый кооз жерлери – Вашингтон монументине жана Линкольн мемориалына көз чаптырууга мүмкүнчүлүк берет.
