Судандагы куралдуу жаңжал «көзөмөлдөн чыгып кетти», — деди БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.
Башкы катчы эл аралык коомчулукту зордук-зомбулукту токтотуу үчүн тезинен чара көрүүгө чакырды.
Катарда өткөн БУУнун саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Гутерриш Дарфур аймагындагы Эль-Фашер шаарындагы кырдаал дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризистердин бирине айланып баратканын белгиледи.
«Биз адам укуктарынын массалык түрдө бузулушу тууралуу кабарларды алып жатабыз. Миңдеген жайкын тургундар курчоого алынып, тамак-аштын жетишсиздигинен, оорудан жана зомбулуктан каза болууда», — деп баса белгиледи БУУнун башчысы.
Гутерриш тараптарды тезинен ок атышууну токтотууга жана бардык мамлекеттерди Суданга курал-жарак жеткирүүнү токтотууга чакырды.
