Түнү кайсыл мекемелердин жарыгы өчүрүлөт? — Тизме

0

Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө режими киргизилди. Тиешелүү буйрукту министрлер кабинети жарыялаган.

Документтин негизги учурлары

Саат 18:00дөн 6:00гө чейин электр энергиясы төмөнкү мекемелерде болбойт:

  • стратегиялык объектилерде (анын ичинде маанилүү жана өзгөчө маанилүү объектилердин категорияларын) кошпогондо министрликтер, ведомстволор жана мамлекеттин катышуусу менен чарба жүргүзүүчү субъектилер, күнү-түнү иштеген жана коргонууну, коопсуздукту, медициналык жардамды жана калктын турмуштук маанилүү функцияларын, анын ичинде саламаттык сактоо мекемелерин, социалдык коргоо мекемелерин, авариялык-куткаруу жана кыйроодон куткаруу кызматтарын камсыз кылуучу объектилер жана мекемелер;

 

  • билим берүү уюмдарында окуу процесси аяктаган учурдан кайра башталганга чейин (имараттын эксплуатациясын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон инженердик системаларды жана жабдууларды кошпогондо);

 

  • ошондой эле жогоруда аталган бардык мекемелердин далисине, санитардык жайларга жана башка иштебеген жерлерге кыймыл датчиктерин орнотуу тапшырмасы коюлду.

 

  • жетекчилер режимдин сакталышы үчүн жооптуу адамдарды дайындап, аткарылышын көзөмөлдөйт.

 

  • Кыргызстандын Энергетика министрлигине президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирдикте буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жана президенттин администрациясына ар бир 15 күн сайын (айдын 1-15инде) маалымат берип туруу тапшырылды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз