Дүйнөдөгү эң жаңы жана эң ири учак ташуучу кеме болгон USS Gerald Ford жетектеген АКШнын согуштук тобу Кариб деңизине барды. Топту жайгаштырууну буйрук кылган президент Дональд Трамп муну Венесуэладан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында жасап жатканын айтты.
Бир нече айдан бери АКШнын Аскер-деңиз флоту жана Аскер-аба күчтөрү Кариб деңизинде жана Тынч океанында баңгизаттарды ташып жатат деген жүйө менен чакан кемелерге сокку уруп келишет. Алар буга чейин кеминде 19 ушундай сокку уруп, натыйжада 76 адам каза болгон.
Венесуэланын солчул социалисттик лидери Николас Мадуро жана башка жогорку кызматтагы адамдар АКШны аларды бийликтен кетирүү үчүн жасалма түрдө кризис жаратты деп айыпташууда.
Gerald Ford’до ондогон согуштук учактар бар. Анын экипажынын, анын ичинде учкучтардын жана учууну колдоочу персоналдын саны 4500дөн ашат. Авианосецти башкарылуучу ракеталык эсминецтер жана башка согуштук жана колдоочу кемелер коштоп жүрөт.
Пентагондун басма сөз катчысы Шон Парнелл авианосец тобунун Кариб деңизине келиши АКШга баңгизаттардын аткезчилигин натыйжалуу көзөмөлдөөгө жана ага бөгөт коюуга мүмкүндүк берерин билдирди.
