Президент Режеп Тайип Эрдоган Түркияга келген Ватикандын мамлекет башчысы Рим папасы Лев XIVти расмий түрдө тосуп алды.
Рим папасы Лев XIVди расмий кире беришке чейин атчан аскерлер коштоп, Эрдоган Рим папасы Лев XIVди Президенттик комплекстин негизги кире беришинде тосуп алды. Президент Эрдоган менен Рим папасы Лев XIV салтанаттуу аянтчада өз орундарын ээлегенден кийин, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, 21 замбиректик салют берилди.
Рим папасы Лев XIV ардактуу кароолду тосуп алып, «Саламатсыздарбы, жоокерлер» деди. Аземде тарых бою түзүлгөн 16 түрк мамлекетин билдирген желектер жана жоокерлер да көрсөтүлдү.
Президент Эрдоган менен Рим папасы Лев XIV бири-бирине делегацияларын тааныштырышты. Түркия менен Ватикандын желектеринин алдында журналисттерге сүрөткө түшкөн Эрдоган менен Рим папасы Лев XIV андан кийин жекеме-жеке жолугушууга жана делегациялар аралык жолугушууга өтүштү.
