Адистердин айтымында, мурда Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспорту басымдуу болуп келсе, чек ара ачылгандан бери коңшу өлкөдөн тескерисинче импорт көбөйүп кетти.
Жакында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары Бишкектеги жолугушуунун алкагында айыл чарба багытындагы бир катар документтерге кол коюшту. Ага ылайык өсүмдүктөр карантини чөйрөсүндө, минералдык жер семирткичтерди ташуу жаатында кызматташуу, айыл чарба тармагында эки жактуу кызматташууну активдештирүү маселелери талкууланып, «жол картасы» бекиди.
Өзбекстан менен Кыргызстандын кызматташтыгы соңку жылдары жаңы деңгээлге чыгып бара жатат. Бирок соода жүргүзүүдө чечилбеген көйгөйлөр дале арбын дешет. Маселен, өткөн жылы коңшу өлкөгө ишенген кыргыз дыйкандары картошкасын сата албай, көбүнүн мээнети күйүп кетти.
Өзбекстан узак жылдардан бери соода-сатыкты мыкты өздөштүргөн өлкө экенин айткан адистер, соода балансын ондоо үчүн кыргыз өкмөтү чечкиндүү кадамдарга барышы керек деп жатышат. Мисалы, картошка, сүт, эт азыктарын экспорттоого мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле алардан жер семирткичтерди сатып албастан, айыл чарба азыктары менен алмашуу дагы эки тарап үчүн тең пайдалуу болмок дешет.
Эки өлкө жетекчилери айыл чарба азыктарын экспорттоодо жана импорттоодо документация иштерин жеңилдетүү жагын карап беришсе жакшы болоорун. Логистика, транспортировка боюнча көйгөйлөр абдан көп экенин жеке ишкер баса белгилеп келишет.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы соода көрсөткүчү жыл сайын өсүүдө. 2017-жылы айыл чарба продукциясынын соода көлөмү 41 млн сомду түзгөн. Анын 37 млн сому импорт болсо, экспорт 4 млн сом болгон. Былтыр айыл чарба товарларын жүгүртүүнүн көлөмү 62 млн сомго жетип, экспорт 8 млн сомго чейин көтөрүлгөн.
Расмийлердин маалыматына ылайык, учурда Өзбекстанда кыргыз капиталы бар 96 компания иштесе, Кыргызстанда 200дөн ашуун кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы бар.