Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, ири суммадагы акчаны ээлеп алган алдамчы кармалды.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Б.у.Т. аттуу кыргыз жараны УКМК төрагасы менен байланышы бар экенин шылтоо кылып, Д.А.А.нын ишенимине кирип, ар кандай иштер үчүн системалуу түрдө каражат алган.
Ошентип, 2024-жылдан 2025-жылга чейин Б.у.Т. ири суммадагы акчаларды ээлеп алган.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Б.у.Т. жабырлануучуларга телефон аркылуу Ташиевдин сүрөтү чегерилген килем-портретин көрсөткөнү, ал аны төрагага белек катары алганын айткан.
Бирок аталган килем-портретте УКМК төрагасынын үч эмес, төрт генералдык жылдызы тартылганы менен айырмаланган.
Бул факт боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, Б.у.Т. камакка алынды.
