Воскресенье, 7 декабря

Түркия гибриддик энергия менен иштеген спутникти орбитага чыгарды

0

Түркия дүйнөдө биринчи жолу гибриддик энергия менен иштеген спутникти орбитага ийгиликтүү чыгарды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул уникалдуу технологиялык жетишкендикке Baykar компаниясынын төрагасы жана башкы технологиялык директору Селчук Байрактар негиздеген Fergani Space Technologies компаниясы жетишти.

Алар тарабынан иштелип чыккан FGN-TUG-S01 спутниги Түркиянын биринчи орбиталык ракетасы.

Бул аппарат дүйнөдө алгачкылардан болуп гибриддик ракета кыймылдаткычы менен жабдылган жана космоско түз учууга жөндөмдүү.

Ийгиликтүү учуруу АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг космос күчтөрүнүн базасында жүзөгө ашты.

FGN-TUG-S01 спутниги толугу менен Түркиянын ресурстары менен иштелип чыгып, өлкөнүн өз алдынча орбиталык космос аппаратына ээ болушуна жол ачты.

Бул кадам Түркияны космостук технологияны өз алдынча өнүктүрүп жаткан мамлекеттердин катарына кошот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз