Күн мурун Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Муса Кулаклыкая менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги, ошондой эле 2026-жылы эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштуруу пландары талкууланды.
Элчи Казакбаев маектешине президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясий жана экономикалык реформалар тууралуу кеңири маалымат берди.
