Четверг, 2 мая

Эл Өзбекстандан $ 100 млн. карыз алууга эмнеге каршы?

0

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов каза болуп, анын ордуна Шавкат Мирзиёев келген соң, бул кошуна өлкө бир гана Кыргызстан эмес, башка да Борбор Азиядагы мамлекеттер менен мамилесин жакшыртып, жылуу мамилеге өттү.

Болгондо да Шавкат Миромонович улук башын кичик кылып, алгач бизге өзү кол сунуп, Кыргызстан менен чектеш Андижан, Фергана шаарларына 150 кыргыз жетекчилерин чакырып, андан көп өтпөй ушундай эле сандагы Ош, Жалал-Абад, Баткен облусттарынын чиновниктери Өзбекстанга барышып,ортобуздагы белгилүү окуялардан улам жаралган акыркы 20 жылдагы жасалма тоскоолдуктар менен таарынычтар жазылган. Мындан тышкары эки өлкөнүн чек аралары ачылып, бир эле “Достук” бекетинен суткасына беш миңге чейин адамдар кирип-чыгып калышты.

Эң негизгиси, экс-президент Алмазбек Атамбаев Ташкентке расмий иш сапар менен барып, Шавкат Мирзиёев өзү Өзбекстандын айыл чарбасынан баштап, авиацияга чейинки техникаларды чыгарып жаткандыгын көргөзгөндө бир эсе кубансак, бир эсе ичибиз күйгөн болчу. Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев да Бишкекке расмий иш сапар менен келип, ал кездеги президентибиз менен жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек мамилелерин жакшыртуу багытында маданият тармагынан экономикалык кызматташтыкка чейинки документтерге кол коюлган. Ошол эле учурда чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесстери да илгерилеп, акырындап болсо да чечилүүдө.

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти алгачкы ирет Өзбекстан Республикасына расмий сапар жасаган. Анын жыйынтыгында соода-экономикалык, финансылык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташтык боюнча эки жактуу келишимдердин кеңири пакетине кол коюлган. Мындан тышкары 2018-жылы мамлекет башчылардын деңгээлиндеги диалог көп тараптуу аянтчада уланган. 

Албетте, дини,  базары менен мазары бир, тили окшош, куда-сөөк болуп, алыш-бериши кылымдар боюу улантылып келаткан эки кошуна эл үчүн эң оболу ынтымак, достук мамиле керек. Биз үчүн өнүгүүнүн мындан башка жолу жок. 

Кыргыз өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн кыргыз-өзбек мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттык жаңы даражасына чыкты.

Премьер-министрдин айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы коңшулаштык мамилердин бекем негизи Стратегиялык өнөктөштүк, достукту, коңшулаштыкты жана ишенимди чыңдоо жөнүндө декларация болуп саналат. Ага 2017-жылы 5-октябрда Ташкентте кол коюлган.

«Акыркы жылдары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерде олуттуу өзгөрүүлөр байкалып жатканын белгилеп кетүү маанилүү. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашуу, Чек ара райондорунда ишеним чаралары боюнча келишим, Аскер чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө макулдашуу сыяктуу биздин элдерибиз үчүн маанилүү документтерге кол коюлду. Бул кызматташтыктын жаңы сапаттык деңгээлинин – стратегиялык өнөктөштүктүн далили. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен жемиштүү иштерди өзүнчө белгилеп кетүү керек. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек тилкесинин калган бөлүгүн чийүүнү аяктоо боюнча эки жактуу диалог уланууда. Бул жакынкы келечекте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын толук юридикалык тариздөө процессин аяктоого шарт түзөт. Жакында тараптар тиешелүү Макулдашууга кол кое алышат деп ишенем», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы соода-экономикалык маселелерди талкуулап жатып белгилегендей, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосунда товар жүгүртүү 336 млн АКШ долларын түзгөн, бул 2017-жылга салыштырмалуу 8%га көп.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү 165 млн АКШ долларын түздү. Биз соода-экономикалык чөйрөдөгү ишке ашырылбаган кеңири потенциалды эске алып, биргелешкен ишканаларды жана долбоорлорду, продукция кайра иштетилип, таңгакталып жана башка өлкөлөргө экспорттолгон логистикалык борборлорду түзүү аркылуу өз ара сооданы өнүктүрүү шарттарын түзүүгө тийишпиз. Биргелешкен ишканаларды ачуу өндүрүштү көбөйтүп, жумуш орундарын түзүп, элибиздин жашоо деңгээлин жогорулатып, чектеш райондордун инфратүзүмүн жакшыртат. Бүгүн Өзбекстан Республикасында кыргыз капиталы бар 96 компания иштейт, алардын 30у 2018-жылы түзүлгөн (31%). Ошол эле учурда Кыргыз Республикасында 200дөн ашуун кыргыз-өзбек ишканалары иштейт.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндө «Ташкент-Бишкек-Балыкчы-Ташкент» багыты боюнча темир жол каттамы, «Бишкек-Ташкент-Бишкек» автобустук каттамы жандандырылганын, «Бишкек-Ташкент-Бишкек» багытында аба жыштыктарынын саны өскөнүн, ошондой эле сезондук негизде «Ташкент-Тамчы» чартердик аба каттамынын жандануусун канааттануу менен белгилешти

Ошону менен бирге «Анжиян-Ош», «Фергана-Ош» туруктуу автобустук каттамдарын жандандырууну тездетүү зарыл. Азыр өзбек чек арасы аркылуу кыргыз унааларын тоскоолдуксуз өткөрүү жана Өзбекстандын аймагы боюнча темир жол аркылуу жүк ташууга 30 пайыздык арзандатуу маселелери чечилген. Үстүбүздөгү жылдын июнунан тартып кыргыз унааларынан камсыздандыруу төлөмдөрүн алуу маселеси алынып салынды, ошол эле учурда кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын аймагында өзбек унааларына болгон жыйымдарды жойду.

 Кийин, Сооронбай Жээнбеков президент болгондо да кыргыз-өзбек мамилелери жакшырып, өзбек лидери менен  бир топ расмий жана расмий эмес жолугушууларда мурдагы курс тастыкталып, бекемделген. 2017-жылы кыргыз мамлекетинин башчысы Сооронбай Жээнбеков Ташкентке барганда Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүү тууралуу макулдашууга кол коюлган. 

Экономика министрлиги бул акча Өзбекстандан товар ташып келе турган ишкерлерге коммерциялык банк аркылуу берилерин, өкмөт жоопкерчилик албасын айткан. 

Абдулла Ариповдун Бишкекке жасаган расмий иш сапарында эки өлкөнүн өкмөт башчылары бул ири суммадагы каражаттын быйыл күзүндө берилиши тууралуу сөз кылышты.

Бирок Өзбекстан Кыргызстанга бере турган 100 миллион доллар боюнча чечим быйыл күзүндө кабыл алынарын  экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Министрдин айтымында, шарттар азырынча белгилене элек. Маселе сентябрь айына пландалып жаткан кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйынында каралат экен.

“Шарттар азырынча белгисиз. Өкмөт аралык комиссиянын жыйынында чечилет. Былтыр эки президент сүйлөшкөндө ушундай сунуштар болгон. Жеке секторго, ар бир ишкердин жеке кепилдигине карата берилет”,- деди Санжар Мукамбетов.

Анын белгилешинче, эки өлкө ортосундагы соода-сатыкты, инвестицияны 500 миллион, 1 миллиард долларга чейин көбөйтүү максаты коюлууда.

Тилекке каршы кыргыз коомчулугу, өзгөчө социалдык тармактардагы айрым жарандарыбыз Кыргызстандын кошуна өлкөдөн $ 100 млн. карыз алуусуна нааразычылык билдирип, каршы болушууда. Бул маселе боюнча расмий органдар же аналитиктер терең талдаган билдирүү же маалымат беришпеген менен азырынча айрым жарандарыбыздын пикири ушундай.

Бир чети алардын деле тынчсыздануусун түшүнсө болот. Анткени жогоруда белгиленгендей, кыргыз-өзбек чек арасы ачылып, эркин соода-сатыкка уруксат берилгенден соң биз эмес, кошуна мамлекет көбүрөөк утушка ээ болгондугу белгилүү. Анткени айыл чарбасы бизге караганда бир топ өнүккөн жана климаттык шарты жашылча-жемишти өндүрүүгө ыңгайлуу Өзбекстандын дыйкандары өстүргөн укроптон тартып, коон-дарбызга чейин Кыргызстандын базарларын каптап кетип, жергиликтүү дыйкандар көп чыгым жумшап өндүргөн продукцияны арзандыгы менен жеңип жатат. Мындан тышкары түштүк облусттарга кыргыз-өзбек биргелешкен ишканалары ачылып, негизинен өзбек ишкерлеринин товарлары сатылып, кайра эле кыргызстандык өндүрүшчүлөр “банкрот” болуп калышууда.

Ал эми эрте жаздан тартып, кеч күзгө чейин пахта, эгин талааларын таракандай каптаган ашына мардикерлер (жалданып иштеген жумушчу) кандай гана жумуш болбосун тандабай иштей бергендиги жана аз акы алып, кыргызстандыктарды өз үйүндө эмгек рыногунан сүрүп чыгарууда. Өлкөбүздөгү Россия, Казакстанга мигранттардын агымы азайбай, кайра көбөйүп жатышынын бир себеби ушул. Эгер биздин миграция кызматыбыз чет элдик мигранттардан убактылуу катталууну, тиешелүү салык төлөөнү талап кылышса, анда какшыган бюджетке каражат түшүп, өзүбүздүн жумушсуздук көйгөйүбүздү чечүүгө да салым кошулган болот беле? 

Жогорудагы $ 100 млн.ду алууга жарандарыбыздын нааразы болуп жатышынын да түпкү себеби ушул болушу мүмкүн. Бир чети сырттан канчалык карыз алганыбыз менен же атамекендик өндүрүш өнүкпөй же элдин социалдык көйгөйү чечилбей, ортодо ал акчаны баягы эле шылуун чиновниктер жеп кетип, аны төлөй турган элдин “карыз” деген сөздөн көңүлү үч көчкөн журттай калып калган…

Э. Досназаров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз