Интернетте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин биргелешкен сүрөтү жарыяланды. Лидерлер Ашхабаддагы Эл аралык форумдун алкагында диванда чай ичип, бейрасмий шартта сүрөткө түшүштү.
Үч лидер Эл аралык тынчтык жана ишеним жылына, Эл аралык бейтараптуулук күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.
Садыр Жапаров Түркмөнстанга түркмөн тараптын чакыруусу менен барды. Аны Ашхабад аэропортунда Элдик кеңештин төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов тосуп алды.
