Хамас Газа тилкесиндеги Израилдин геноцид жана блокадасы уланып жаткандыктан жана анклавды кайра куруу процессин баштоо мүмкүн эместигинин билдирди..
Бул тууралуу ХАМАСтын өкүлү Хазем Касемдин билдирүүсүндө айтылды.
Анын айтымында, гуманитардык кризис Газаны каптаган Байрон бороону менен ого бетер курчуп баратат. Натыйжада нөшөрлөгөн жамгырдан улам жер которгон палестиналыктар баш калкалап жаткан чатырлар суу астында калган.
Касем ок атышууну токтотуу келишимине ортомчулук кылган өлкөлөрдү Газаны кайра куруу процессин баштоону камсыз кылуу үчүн Израилге реалдуу кысым көрсөтүүгө чакырды.
ХАМАСтын өкүлү ошондой эле Араб Лигасына (ЛАС) жана Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) «Газаны трагедиялуу абалдан куткаруу» үчүн конкреттүү чараларды көрүүгө чакырды.
Газанын жарандык коргонуусунун өкүлү Махмуд Базал кечээ социалдык медиада билдиргендей, катуу суук, нөшөрлөгөн жамгыр жана суу ташкынынан улам 250 000ден ашык жер которгон палестиналык үй-бүлөлөр качкындар лагерлериндеги эски чатырларда жашоого аргасыз болууда.
