Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн Нарын, Жалал-Абад жана Чүй облусунда кар жаашы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй облусунда +4… +9, Талас облусунда +4… +9, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +5… +10, Ысык-Көл облусунда +1… +6, Нарын облусунда -3… +2 градус болот.
Бишкек шаарында абанын табы +6… +8 градусту түзөт.
Жолдор тайгак болот. Мындай аба ырайында узак жолго чыксаңыз жылуу кийинип, жаныңызга тамак-аш ала жүрүңүз. Унаа башкарууда аралыкты сактап айдаңыз.
