Вторник, 20 января

Стамбулда Чыңгыз Айтматов жана Алыкул Осмонов эскерилди

0

Түркиянын Стамбул шаарында Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чара Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган.

Анын алкагында Малтепе муниципалитетиндеги Чыңгыз Айтматов атындагы парктагы эстеликке гүл коюлуп, студенттер менен биргеликте уюштурулган «Ала-Тоонун өлбөс калемдери» аттуу поэзия кечеси өттү. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин фасады жаңыланып, анын айланасындагы тосмолор алмаштырылды.

Башкы консулдук мыкты көркөм аткаруу боюнча конкурс уюштуруп, жеңүүчүгө ноутбук тапшырылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз