Четверг, 11 июня

«Манас» аэропортуна учактар коно албай жатат

0

Бүгүн эртең менен коюу тумандан улам «Манас» аэропортуна келе жаткан 15 учак башка шаарларга жөнөтүлдү. Бул тууралуу аэропорттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 7 учак Ысык-Көл эл аралык аэропортуна, 3 учак Ташкентке, бешөө Алматыга жөнөтүлгөн.

«Болжол менен 08:30дарга карата абал турукташып, учурда учуп-конуу үчүн аэропорт толук ачылды. Башка шаарларга жөнөтүлгөн каттамдар Бишкекке кайтууда», — деп билдиришти аэропорттон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз