Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуу шарттары боюнча билдирүүлөрүнө жооп берди.
Зеленский Орусия «келээрки жылы да согушту улантууга даярданып жатканын» билдирди.
«Бүгүн биз Москвадан келерки жылды согуш жылы деп жарыялап жатканы тууралуу сигналдарды алдык. Бул сигналдар жалгыз эле биз үчүн эмес. Өнөктөштөрүбүз муну көрүшү маанилүү. Алар муну көрүп гана тим болбостон, жооп кайтарышы да маанилүү».
Анын айтымында, Орусия таптакыр башка риториканы колдонуп, ар кандай сигналдарды жөнөтүп жатат. Булар Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн расмий буйруктары катары кабыл алынат.
