Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бугүн өлкөнүн айрым аймактарында кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0… +5, Талас облусунда +1… +4, Баткен облусунда +2… +7, Ош, Жалал-Абад облустарында +3… +8, Ысык-Көл облусунда +1… +6, Нарын облусунда 0… -5 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +3… +5 градусту түзөт.
