Четверг, 11 июня

WhatsApp Орусияда толугу менен бөгөттөлөт

0

Роскомнадзор WhatsApp мессенджерин Орусияда толугу менен бөгөттөөгө уруксат берди.

Маалыматка караганда, мекеме мессенджерге коюлган чектөөлөр Орусиянын мыйзам талаптары аткарылганга чейин улантыларын белгиледи.

«WhatsApp’ка чектөөлөр улантылат. Эгерде ал мыйзам талаптарын аткарбаса, толугу менен бөгөттөлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда WhatsApp Орусияда эң популярдуу мессенджер бойдон калууда — болжол менен 100 миллион колдонуучусу бар.

Колдонуучуларга башка тиркемелерге өтүүгө шарт түзүү максатында чектөөлөр акырындык менен киргизилүүдө. «Төмөндөтүү» процесси август айында башталган. Айрым маалымат булактары мессенджердин ылдамдыгы 22-декабрдан бери 70–80% төмөндөгөнүн жазышкан.

Sboy.rf жана Detector404 мониторинг кызматтары билдиргендей, бир катар аймактарда колдонууда үзгүлтүктөр байкалууда. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, WhatsApp иштеп чыгуучулары Россиядагы чектөөлөрдү тастыкташкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз