Четверг, 11 июня

Бишкекте студенттердин жатаканасынан өрт чыкты

0

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда жайгашкан жогорку окуу жайлардын биринин жатаканасынан өрт чыкты.

ӨКМден билдиришкендей, тилсиз жоону өчүрүүгө 1 автошаты, 5 күжүрмөн эсеп, штаб, ошондой эле Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылды.

Өрт саат 21:23тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Тилсиз жоо болжол менен 250 чарчы метр аянтты камтыган.

Коопсуздук чараларынын алкагында жатаканадан 150 студент эвакуацияланды. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз