Вторник, 20 января

Өткөн жылы өлкөдө 134 билим берүү мекемеси салынды

0

2025-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы республикалык бюджеттин эсебинен 134 билим берүү мекемеси бүткөрүлдү. Бул тууралуу өлкө башчысы “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Маекте ал мектеп жетишсиздиги көйгөйү тууралуу ачыктап берип жатып, өткөн жылы салынган мектеп жана бала бакчалардын санын белгиледи.

“Мамлекеттеги демографиялык өсүш, ошондой эле ички миграциянын агымынын шаардык борборлорго жогорулашынан, айрыкча, шаарларда кошумча мектептерди, бала бакчаларды куруу маселеси пайда болду.

Учурда бул багытта пландуу иш алып барып жатабыз. 2025-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы республикалык бюджеттин эсебинен 134 билим берүү мекемеси бүткөрүлдү.

Анын ичинен 60 мектеп, 28 бала бакчасынын курулушу, ал эми 41 мектеп, 5 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрдү.

Мындан тышкары, 16 мектеп, 13 бала бакчанын (29 объект) курулушу ар кандай каржы булактардан (өнүктүрүү фонддор, жергиликтүү бюджет, демөрчүүлөр ж.б.) каржыланды.

Жалпы республика боюнча республикалык бюджеттин эсебинен жана ар кандай каржы булактардан 163 билим берүү (117 курулуш, 46 капиталдык оңдоп-түзөө) объектиси бүткөрүлдү”,- деди президент Садыр Жапаров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз