Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган АКШ жетектеген F-35 согуштук учактары программасына Түркиянын кайрадан кошулуусун талап кылып, бул кадам Түркия менен АКШнын ортосундагы мамилелерди бекемдеп, НАТОнун коопсуздугун жогорулатарын билдирди.
Bloomberg агенттигине жазган жоопторунда Эрдоган 2025-жылдын сентябрь айындагы Ак үйдөгү жолугушууга шилтеме жасап, Түркиянын Орусиядан аскердик жабдууларды сатып алгандыгына байланыштуу он жылга жакын убакыт мурун F-35 программасынан чыгарылышы жөнүндөгү чечимди «адилетсиздик» деп мүнөздөп, муну Трампка жеке өзү жеткиргенин билдирген.
Президент Эрдоган Трамптын АКШнын президенттигине кайтып келиши менен Анкара менен Вашингтондун ортосундагы мамилелердин «бир топ акылга сыярлык жана конструктивдүү багытта жылышына» мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирди.
F-35 маселесине келсек, Эрдоган Түркиянын буга чейин акысын төлөп келген F-35 учагын алышы жана аны программага кайрадан кошуусу АКШ менен мамилелер жана НАТОнун коргонуусу үчүн маанилүү жана зарыл экенин билдирди.
АКШдан F-16 Block 70 учактарын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө токтолгон Эрдоган, Түркия шарттардын НАТО альянсынын рухуна шайкеш келишин күтүп жатканын белгилеп, Eurofighter учактарын сатып алууну мисал келтирди.
АКШда Халкбанкка каршы козголгон кылмыш ишине байланыштуу Эрдоган Түркия бул айыптоолорду негизсиз деп эсептегенин жана банктын «адилетсиз жазаларга» кабылбашын камсыз кылуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгилеп, мыйзамга толук ылайык адилеттүү натыйжага үмүттөнөрүн билдирди.
Эки тараптуу энергетикалык мамилелерге токтолгон лидер: «Биз, айрыкча АКШдан келген суюлтулган жаратылыш газын жеткирүүнү бир топ көбөйттүк»,-деп билдирди жана бул азыр Түркиянын жеткирүү чынжырында «маанилүү орунду» ээлей турганын баса белгиледи.
Президент Эрдоган Түркиянын позициясы абдан ачык экенин белгилеп: «Биз улуттук кызыкчылыктарыбызга жана энергетикалык коопсуздугубузга ылайык иш алып барабыз»,-деп билдирди.
Президент Эрдоган: «Көмүр-суутек муктаждыгынын олуттуу бөлүгүн импорт менен камсыздаган өлкө катары биз энергетикалык коопсуздугубузга таасир этиши мүмкүн болгон бардык маселелерге этият жана тең салмактуу мамиле кылышыбыз керек»,- деп билдирди.
