Күн мурун Сауд Аравиянын Жидда шаарында Азия кубогунун U-23 финалдык баскычы старт алып, анда Кыргызстандын курама командасы мелдештин кожоюндары — Сауд Аравия командасына каршы кез келди.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, оюн Жидда шаарынын Абдулла Аль-Файсал атындагы стадионунда орун алат.
Азия кубогунун бул беттеши Кыргызстандын курама командасы үчүн тарыхый жана дебюттук болуп саналды.
Эске салсак, биздин команда «А» тайпасында Вьетнам, Иордания жана Сауд Арабия менен бирге жайгашкан.
Бүгүнкү беттеште кызуу атаандаштык орун алып, калыстын чечими менен беттештин 34′ минутасында Арсен Шершенбеков кызыл айып кагазын алып калды. Ошентип, курамабыз азчылыкта өз оюнун улантты. Оюндун бининчи бөлүгү голсуз тең чыгуу менен аяктады (0-0). Ал эми беттештин 77′ минутасында курамабыздын дарбазысына башкы калыс пенальти дайындап, Курманбек Нурланбеков дарбазаны голдон сактап калды. Тилекке каршы, оюндун негизги бөлүгүнүн аягында — 88′ минутада атаандаштын чабуулу ийгиликтүү болуп, оюндун эсеп сан ачылды (1-0). Кыргызстандын курама командасынын кийинки бир нече аракеттерине карабастан, беттештин эсеп саны өзгөрүүсүз калып, оюн Сауд Аравиянын 1-0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.
Курама команданын кийинки беттеши 9-январда Вьетнамга каршы өтөт.
