Журналист Айбек Бийбосунов тарткан «Президент» аттуу даректүү тасманын үчүнчү бөлүгү жарык көрдү.
Тасманын бул бөлүгүндө өлкө башчысынын мурдагы саясий чечимдери, коопсуздук маселелери жана коомдо резонанс жараткан окуялар тууралуу пикири камтылган. Анда Садыр Жапаров «менин убагымда буйрутма адам өлтүрүү болбошу керек деп айткам, бирок бир учур болуп кетти» деп айткан.
Даректүү тасма акыркы жылдардагы саясий процесстерди жана бийликтин ички атмосферасын чагылдырууну максат кылат.
