Вторник, 20 января

ТИМ умарага кечигип учкан жарандар боюнча билдирүү жасады

0

Умра сапарына бара жаткан жарандардын каттамы аба ырайына байланыштуу кечиккен. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Социалдык тармактарда Умра сапарына бара жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Наманган шаарындагы (Өзбекстан Республикасы) аэропорттон каттамга түшүү үчүн көпкө чейин күтүүгө аргасыз болгону тууралуу маалыматтар тараган.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилиги аталган маселе боюнча Наманган шаарынын аэропортунун администрациясы, Jazeera Airways авиакомпаниясынын Өзбекстандагы өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги менен ыкчам байланыш түзгөн.

Авиакомпания берген маалыматка ылайык, Ош – Эль-Кувейт багыты боюнча JZR668 рейси 2026-жылдын 5 жана 6-январында аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу кечиккен.

2026-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын жарандары автобустар аркылуу Наманган шаарынын аэропортуна жеткирилген. Бирок 6 жана 7-январь күндөрү да аба ырайынын жагымсыздыгынан улам рейс кайрадан жылдырылган.

Jazeera Airways авиакомпаниясынын эсебинен Кыргызстандын бардык жарандары Наманган шаарындагы мейманканага жайгаштырылган.

2026-жылдын 8-январында жарандар кайрадан аэропортко жеткирилип, саат 13:09да учак Эль-Кувейт шаарына учуп чыккан.

”Аталган маселе Кыргыз Республикасынын элчилигинин туруктуу көзөмөлүндө болуп, жарандар менен үзгүлтүксүз байланыш камсыздалган”,-деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз